12-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстандык кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда мамлекет башчылары аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү боюнча макулдашкан. Ошондой эле кыргыз элине экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу айтылган.
«Podrobno.uz» интернет басылмасы бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Ташкентте Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушканда айтканын жазган.
Руслан Казакбаев Казакстандан жардам сурады
Казакбаев 5-ноябрда Ташкент шаарында Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушкан. Анда министрлер Кыргызстан менен Өзбекстандын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, суу чарба жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгы тууралуу, ошондой эле коронавирус боюнча кырдаалды, COVID-19га каршы күрөштө биргелешип аракет көрүү маселелерин талкуулашкан.