Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты (сүрөт)

Кыска кабар , Спорт | 13 Ноя 2020 | 443 | 0

Бүгүн 13-ноябрда Жалал-Абад шаарында күжүрмөн самбо боюнча дүйнөлүк биринчиликте байгелүү орундарды багындырган спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты.

Ага Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук милициянын башчысынын милдетин аткаруучу Нурбек Сыдыков жана спортчулардын кесиптештери, машыктыруучулары, жакын туугандары катышты.

Спортчуларга жана машыктыруучуларына ак калпак, чепкен кийгизилип, алдыдагы дүйнөлүк биринчиликтерде да кыргыздын желегин желбиретүү тилектери айтылды.

ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын милиционери Нурисбек Бекбердиев 82 кг салмакта, ал эми Жалал-Абад ОИИБнин «Динамо» спорт клубунун тарбиялануучусу Медербек Сапарбек уулу 62 кг салмакта Сербияда өткөн күжүрмөн самбо мелдешинде 3-орунду багындырышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM