Биз менен байланышыңыз

Акышев: Студенттер Орусияга түз аба каттамдары менен учуп кете алат

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 578 | 0

Кыргызстандын жарандары, анын ичинде студенттер жума күндөрү Бишкектен Орусияга «Аэрофлот» жана «Авиатрафик» компанияларынын каттамдары аркылуу тоскоолдуксуз учуп кете алышат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Алар «Аэрофлот» жана «Авиатрафик» компанияларынын аба каттамдарын колдоно алат. Орусияга барганда Кыргызстандын жарандарында акыркы үч күн ичинде жасалган ПЧР-тесттин коронавирус жок деген күбөлөндүрмөсү керек.

Ошондой эле Бишкек менен Оштон «Аэрофлоттун» дүйшөмбү, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрдөгү чартердик каттамдары менен учууга болот.

Орусияга кетүүнү каалаган жарандарда Орусия жарандарынын арасында жакын тууганы болушу керек, дарыланууга муктаж адамдарда орусиялык медицина мекемесинин чакыруусу болушу шарт, туруктуу жашоого уруксат берүүчү документи же мекендештерди көчүрүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучусунун күбөлүгү болушу зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM