Биз менен байланышыңыз

Пара талап кылган милиция кызматкери кармалды

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 351 | 0

Пара талап кылуу фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

12-ноябрда УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкектин Ленин райондук милиция кызматкери «З.Ж.А.» кармалды.

Кызматкер арыз ээсине карата сотко чейинки процессте жоопко тартылбаганы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүндө («Пара талап кылуу») каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM