Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн көлөмү 7,5 пайызга төмөндөдү

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 288 | 0

Быйыл январь-октябрь айларында Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү 457 млрд сомду түзүп, былтыркыга караганда 7,4%га төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

«Кумтөр» ишканасын эсепке албаганда ИДӨ 402 млрд сомду түзүп, 8,3 %га төмөндөгөн.

10 айда өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү дээрлик 265 млрд сомду түзүп, 3,6 %га азайган.

Буга мунайзат (-55,1%), текстиль, кийим, бут кийим, тери жана тери өндүрүшүнүн (-22,3%га), жыгач жана кагаз, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (-19,3%), резина жана желим буюмдардын, металл эмес минералдык продукция (-9,6%), тамак-аш, тамеки өндүрүшүнүн (-5,4%) жана пайдалуу кен байлыктардын (-16,8%) казып алууларынын азайышынан улам болгон.

Ошондой эле дүң жана чекене сооданын көлөмү 16%га, курулуш тармагы 11,5%га азайган.

Бир гана айыл чарба тармагында 0,8% өсүш байкалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM