Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк кезектеги интервенцияны жасады

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 287 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта базарына 32,8 млн доллар сатты. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.

Улуттук банк бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 6,2 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 20,6 млн доллар саткан.

Бул ноябрь айында жасалган биринчи интервенция болду. Улуттук банк быйыл валюта рыногуна 18 жолу интервенция менен чыкты.

13-ноябрга карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары 84 с0м 50 тыйын деп белгиленди. Акча алмаштыруучу жайларда 85 сомдон сатылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM