16-ноябрга чейин өлкө аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы ыктымал.
13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…+1°, күндүз 0…5° жылуу болот.
Тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2°…+3, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6°, чыгышында -4…-9° суук, күндүз -2°…+3°болот.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -7…-12° суук болот.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Бүгүн, 13-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.