Журналист Кудрет Тайчабаров «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Бул кабарды аталган мекемеден тастыкташты. Тайчабаров өзү да Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Мен бул кызматты бер деп жулунган жокмун. Буйрук чыгып жатканда да барбай эле коёюн деген сөз болду. Бул орунга 10 адам чуркаптыр. Көбүнүн ою жаман экенин атайын кызматтардын маалыматы аркылуу билген Садыр Жапаровдун мени дайындоосу жеке чечими болду».
Премьер-министр Садыр Жапаров 28-октябрда «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директорлугунан Дүйшөн Ирсалиевди алган. Ал бул мекемени 5 жыл жетектеген.