Биз менен байланышыңыз

Жапаров ЖККУнун башкы катчысы менен коопсуздукту талкуулады

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 268 | 0

12-ноябрда Садыр Жапаров Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун башкы катчысы Станислав Зась менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Жапаров Кыргызстан ЖККУнун алкагындагы кызматташтыктын өнүгүшүнө артыкчылыктуу маани бере тургандыгын жана уюмдун аймактагы коопсуздук дараметин бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Станислав Зась үстүбүздөгү жылдын декабрь айына өткөрүү пландаштырылган Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин сессиясына карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берип, уюмдун жакынкы мезгилге артыкчылыктуу багыттары тууралуу кабарлады.

Садыр Жапаровдун айтымында, кыргыз тарап уюмдун ордун жана маанисин жогорулатууга кызыкдар. Ошондой эле пандемияга карабастан, уюмдун бюджетине мүчөлүк акысын төгөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM