Биз менен байланышыңыз

Жапаров Путин менен телефондо сүйлөштү

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 871 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда Орусия президенти Владимир Путин менен телефондо сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө эки тараптуу кызматташтык, интеграциялык биргелешкен аракеттер талкууланды. Жапаров өз кезегинде Путинге Кыргызстанга көрсөткөн колдоолору, анын ичинде медициналык жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Садыр Жапаров Орусия президентин ШКУнун саммитин ийгиликтүү өткөргөнү үчүн дагы бир ирет куттуктады.

Сүйлөшүүнүн аягында Жапаров Кыргызстан Орусия менен мамилесин союздук жана стратегиялык өнөктөш катары улантууга кызыкдар экенин белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM