Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров басма сөз жыйынын өткөрүүдө.
Жапаров уюштурган басма сөз жыйынга 86 жалпыга маалымдоо каражатынан 150дөн ашуун журналист катышууда.
Ар бир журналистке бирден гана суроо берүү мүмкүнчүлүгү бар экени айтылды.
Буга чейинки президенттердин басма сөз жыйындары парламентте же өкмөт үйүндө өтүп келген.
Садыр Жапаров ЖМКларга курган жыйынды Коомдук каналдын имаратында өткөрүүдө. Аталган канал аны түз эфир аркылуу көрсөтөт.