Бакытбек Гайназаров Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Жапаровдун дагы бир буйругу менен Сагынбек Абдылдаев Финансы полициясынын төрага орун басарлыгынан бошотулду.