Биз менен байланышыңыз

Жапаров шайлоо боюнча мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 11 Ноя 2020 | 607 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам 22-октябрда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Мыйзам долбоорун депутат Алтынбек Сулайманов сунуштаган.

Аталган мыйзам менен киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, төмөнкүлөр каралган:

— Аймактардын ичинде толугу менен «Форма-2» менен арыз берүү жокко чыгарылды. Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар гана «форма-2» менен арыз берүүгө укуктуу;

— Шайлоо күрөөсү Президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга кайтарылып берилет (мурун бул көрсөткүч 5 пайыздан кем эмес болчу);

— Шайлоо күрөөсү 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүлгөн;

— Шайлоо босогосу 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүлгөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM