Биз менен байланышыңыз

Күзүндө түшкөн жалбыракты өрттөбөңүз! (кеңештер)

Блог | 11 Ноя 2020 | 2072 | 0

Өрттөлгөн жалбырактан зыяндуу, ден соолукка терс таасирин тийгизген заттар бөлүнүп чыгат. Мындай жагдай күз мезгилинде күбүлүп түшкөн жалбыракты өрттөө учурунда күч алып, жаратылышка гана эмес, адам саламаттыгына да зыян алып келүүдө. Бир катар чет өлкөлөрдө бул маселени чечүү жолу эчак эле жөнгө салынып, ишке ашырылган. Кыргызстанда бул жаатта сунуштар айтылып келгени менен, сөз жүзүндө гана калууда.

Күзүндө куураган чөптү, түшкөн жалбыракты өрттөө — ар дайым болуп келген көрүнүш. Жергиликтүү бийлик улам эскертүү берип, мыйзамда тыюу салуу каралганы менен көрүнүш токтобой келет. Буга бөгөт коюу үчүн кайра иштетүү жолу сунушталууда.

Агроном Абдулла Ташиевдин айтымында, жалбыракты өрттөбөстөн, узундугу 3 метр, тереңдиги 1,5 метр болгон аң казып, ошол чуңкурга чогултуп, үстүн баштык менен жабуу керек. Ал ошондой калыпта 3-4 ай турган соң, чириндиге айланат. Ошол органикалык заттардын чириндисин биз жер семирткич катары колдоно алабыз.

«Башка өлкөлөрдө жалбырак баалуу материал катары эсептелет. Муну брекет кылып жасап, пресстеп, оңой тутануучу суюктуктан кошуп туруп отун катары пайдаланышат. Биз өзүбүздүн огородубуздагы бактардын түбүн 1,5 метр казып, ошол жакка таштап коюп, эмульсия катары пайдалансак болот».

Эколог Калия Молдогазиеванын айтымында, күйүктүн жыты өпкөгө, дегеле дем алуу органдарына зыяндуу. Айрыкча өпкөсү начар, дем алуу органдары жабыркаган жандар үчүн эки эсе кооптуу. Себеби жалбырактарды өрттөөдө бир канча уулу зат бөлүнүп чыгат. Андыктан, жарандар буга олуттуу мамиле жасоосу керек.

«Жалбыракты өрттөгөндөн кийин андан бөлүнүп чыккан уулуу заттар абага тарайт. Ошол аба менен дем алганда өпкөсүнө, бронха ооруларына, жалпы эле ден соолугуна терс таасирин берет. Өзгөчө аллергия, дем алуу органдары жабыркаган адам болсо, бул аба менен дем алганда катуу кыйналат. Ошондуктан жалбыракты өрттөөгө такыр болбойт».  

Эскерте кетсек жалбыракты өрттөгөн жарандарга жергиликтүү бийлик тарабынан айып пул салынат. Алсак, Бишкек шаарынын мэриясынын айып өлчөмү төмөнкүдөй:

Белгиленбеген жайларга өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды, анын ичинен жалбырактарды таштоо, өрттөө айыптардын 4-категориясында каралып, жеке жактарга  – 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга -23 миң сом айып пул салынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM