Connect with us

«Кыргыз почтасынын» кызматкерлери маянасына нааразы

Коом | 11 Ноя 2020 | 609 | 0

Бүгүн Бишкектин борборунда кезектеги митинг өттү. Бул жолу нааразычылык акциясына «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери чыкты. Алар  2019-жылга карата жыл сайын төлөнүүчү кошумча сый акыны толук төлөп берүүнү жана айлыктарын 50 пайызга көтөрүүнү талап кылышууда. Эске салсак, 2020-жылдын 14- сентябрында «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине Дамир Моңолдоров дайындалган.

Наргиза Ниязалиева «Бишкек почтампттын» филиалынын кызматкери. Ал бул тармакта 2005-жылдан бери иштеп келет.

«Бир ай мурун келип: «Жумушчу бергиле, кадр жетишсиз, ай сайын төлөнүүчү сый акыларды толук төлөп бергиле», — деп кайрылганбыз. Жок дегенде ай сайын төлөнүүчү сый акыны 1000 сом болсо деле көтөрүп туруу керек. Азырынча балдарыбыз мектепке барбай, ашыкча чыгым болбой, кармалып турабыз. Окуу башталса, алардын жол киреси, кийим-кечеси кандай болот?»

Анын айтымында, алар жумушчу күчү жетишсиздигинен, көпчүлүк учурда штаттык ишинен сырткары, бир канча ишти кошо аткарышат. Ага кошумча акы төлөнбөйт. Наргиза Ниязалиева пандемия учурунда да кооптуу жагдайга карабай, кызматкерлер тобокелге салып иштегенин айтып, ошол маалдагы жумуш үчүн да айлык акы толук төлөнбөгөнүнө нааразы.

«Азыр көбүн коркутуп: «Чыкпагыла, чыксаңар иштен бошотуласыңар», — деп жатышат. Кетсе кетип деле калабыз, бирок ким иштейт эртеңки күнү? Биз тескерисинче, «жумушчуларды алгыла» деген талап менен чыгып жатабыз. «Сый акыларды төлөп бергиле» деп жатабыз». 

«Бишкекпочтамтын» жетекчисинин орун басары Анара Турдакматова митингге чыккандардын «маянабыз 2-3 миң сом» деген нааразычылыгын четке какты. Анын айтымында, кызматкерлердин баштапкы төлөмү 5 миң сомду түзөт. Ал эми почточулардын айлык акысы 10 000 сомго чейин барат. «Эгерде ошондой маселе жаралып жатса, анда ар бир жумушчуну өзүнчө алып караш керек», — дейт ал.

Почтада иштегендер «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында да айып баракчаларын даректерге жеткиришет. Ал боюнча да жетекчилик жооп берип, долбоорго Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы менен келишим түзүлгөн соң гана акча бөлүнөрүн маалымдады. Анан ал акча «Кыргыз почтасына» түшөрүн, буга чейин июнь-июль айларынын акчасы төлөнүп берилгенин билдирди.

«Маяна көтөрүлгөн жок», — деген туура эмес болуп калат. Себеби 2016-жылдан 2019-жылга чейин жумуш акысы 20 %га чейин көтөрүлгөн. Быйыл пандемия убагына карабай, айлыктарын төлөп келдик. Ушул жылдын сентябрь айында иш акысын 5 %га көтөрдүк. Албетте, бул көрсөткүч — аз. Бирок, пандемия учурунда жеке эле биз эмес, бүт өлкө кыйналып турган . Ошондон улам пландарыбыз толбой, киреше 10 миллион сомдон ашпай калып жатты. Мындан улам квартал сайын, ай сайын берилүүчү сый акы планын аткарбагандарга төлөнбөй калды. Ошол себептен эле айтылып жаткан сөздөр».

Ал эми оператор Момоев Марат көп жылдан бери иштеп, бирок бир да маселе чечип бере албаган айрым жетекчилердин кызматтан кетүүсүн талап кылды. Ал Эл аралык почта алмашуу жана логистика борборунун атынан чыккан. Аталган мекеменин эң биринчи талабы: жетекчисин кызматтан кетирүү. Анткени алардын башына бул тармакка эч тиешеси жок адам келип алган.

«Киреше болбосо, бизде эч качан айлык акы көтөрүлбөйт, анткени башка жактан каржылоо жок да. Ошон үчүн алдыга тарта турган жетекчи керек. А биздин жетекчилик — бөлмөлөрүндө нарда ойноп отурган адамдар. Анан ошол адамдар биздин ишти кантип алдыга тарта алат? Айтарыбыз ушул эле: люстрация болсун; ордуна кесипкөй кишилер келсин. Бизге: «Мыйзамсыз митинге чыгып атасыңар, бизге кабарлоо таштаган жоксуңар», — дешти. Чалып коркутуп жатышат. Кабарлоо таштасак, ошол күнү эле жумуштан кетиришмек да». 

Ал эми «Кыргыз почтасы» мекемесинин азыркы жетекчиси Дамир Моңолдоров митингге чыккан тараптар менен жолугушуп, жакынкы күндө жогоруда айтылган маселенин баарын карап чыгарын, кийинки жумада коюлган талаптар боюнча отчет берерин маалымдады.

«Эл аралык почта алмашуу жана логистика борборунун да, почтампттын да жетекчилигинде маселе бар экен. 2021-жылдын программалык документин кабыл алганда, ушул нерсенин баарын эске алабыз. Буга чейинки мыйзамдарды мен кабыл алган эмесмин. Анткени, жаңы келдим. Бул маселенин баарын мен көтөрүп чыгаргам. Азыр ушулардын үстүндө иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө «Кыргыз почтасынын» эң негизги көйгөйү: керектүү жабдуулардын эскилиги. Алалы десек, акча жок. Ошондуктан сырттан инвестор тартуу иштери каралып жатат», — деди Моңолдоров.

Эскерте кетсек, Дамир Монолдоров буга чейин Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM