Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясына барды (сүрөт)

Кыска кабар | 11 Ноя 2020 | 494 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Улуттук илимдер академиясына барды. Анда ал бүгүнкү күндө илим менен коом бири-биринен обочолонуп калганын айтты.

«Коомдун каймактары болгон интеллигенциянын мамлекетибиздеги коомдук-экономикалык процесстерге аралашпай калганы өкүндүрөт. Анын башкы себеби, мамлекет тараптан тийиштүү көңүл бөлүнбөй, окумуштууларыбыз турмуштун оорчулугун жеңе албай жаткандыгында. Бирок окумуштуулардын миссиясы мамлекеттик стратегияларды иргеп-ылгап коомго сунуштоо, аткаруу бийлигине артыкчылыктарды аныктоого жардам берүү деп ойлойм. Биз ансыз да көп убакытты жоготтук, он жылдап биздин илим системалуу көйгөйлөргө кабылып келет. Илим ушундай тармак, илим болбосо – экономика да, жалпысынан мамлекет да өнүгө албайт. Ал эми илим адамдары – коомдун жүзү», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал реформалардын башында илим тармагы турушу керектигин кошумчалап, өкмөт экономиканы турукташтыруу үчүн чоң милдеттерди коюп жатканын, ал эми жаңы технологиялар менен иштин жаңы ыкмалары колдонулбаса, аны ишке ашыруу мүмкүн эместигин айтты.

«Мамлекетибиз илимдин жардамына абдан муктаж болуп тургандыгын баса белгилегим келет. Өлкөнүн өнүгүү жолуна, келечегине – илим менен мамлекеттин биримдиги аркылуу гана жете алабыз. Анткени илим экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүдө, адам ресурстарын пайдаланууда бир кадам алдыга жүрүшү керек. Алдыңкы мамлекеттердин баарында илим абдан өнүккөн. Мамлекетте кайсы бир көйгөй илимге тапшырма берүү менен чечилиши керек», — деп айтты Садыр Жапаров

Өкмөт башчы Кыргызстандын илимпоздорунун алдында бир нече тапшырмалар турганын белгиледи. Алар:

-келечектеги илимпоз жаштарды тарбиялап өстүрүү;

— илимий дипломатияны өнүктүрүү.

Жапаров Академиянын техникалык базасын жаңылоого жана башка муктаждыктарына 300 млн сомго жакын каражат бюджеттен сырткаркы булактардан бөлүнөрүн кошумчалады.

Ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын бир катар өкүлдөрүнө илимдин түрдүү тармактарындагы жетишкендиктери үчүн энчилүү сааттарды жана Ардак грамоталарды тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM