Президенттик шайлоого катышуу үчүн Жеңишбек Байгуттиев аттуу жаран Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.
Жеңишбек Байгуттиев 54 жашта. Ал «Толубай» АКБ ЖАКынын директорлор кеңешинин кеңешчиси.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн арыз бергендердин саны 12ге жетти — Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев жана Жеңишбек Байгуттиев.
Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин 1 млн сомдук күрөө жана керектүү документтерди тапшырышы керек.