Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Путинге Карабах боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 367 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путинге Тоолуу Карабахтагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн ЕККУнун Минск тобунун алдында биргелешкен жумушчу топ түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу «CNN Turk» түркиялык дипломатка шилтеме берүү менен билдирди.

Эрдоган бул тууралуу 7-ноябрда Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө айткан. Жаңы топ саясий жөнгө салуу процессине багыт берүү үчүн ок атууну токтотуудан кийинки чараларды иштеп чыгат. Буга чейин Кремль сүйлөшүүлөрдө Орусия менен Түркиянын президенттери кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин ырасташкан.

Тоолуу Карабахта байланыш линиясындагы уруштар 27-сентябрдан бери токтой элек. Армения менен Азербайжан бири-бирин согуш аракеттерин баштады деп айыпташууда. Орусия, АКШ жана Франциянын лидерлери каршылаш тараптарды кагылышууларды токтотууга жана алдын ала шартсыз сүйлөшүүлөрдү баштоого милдеттендирүүгө чакырышты. Элдешүү боюнча бир нече сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн, бирок бүгүнкү күнгө чейин согуш токтобой келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM