Биз менен байланышыңыз

Песков: Путин АКШдагы шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин куттуктайт

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 556 | 0

Дмитрий Песков Путин Байденди шайлоодо жеңишке жетишин эмне үчүн куттуктабаганын түшүндүрдү. Анын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыктары расмий жарыялангандан кийин Владимир Путин тийиштүү адамдарды куттуктайт.

Орусия президентинин басма сөз катчысы: «Биз шайлоонун жыйынтыктарынын расмий жыйынтыгын күтүүнү туура деп эсептейбиз», — деп билдирген «Интерфакс» маалымат агенттигине.

Песков ошондой эле мындан төрт жыл мурун Путин добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин, Доналд Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктагандыгы жана азыркы кырдаал эмнеси менен айырмаланып турганы  тууралуу да түшүндүрмө берди.

«Айырмасы анык. Алдыда учурдагы президент жарыялаган мыйзамдуу процедуралар бар экендигин көрүп жатасыз. Бул жагдайды башкача кылып турат. Ошондуктан расмий жараянды күтүү туура деп эсептейбиз. Ал эми мындан төрт жыл мурунку шайлоодо, жеңилген тарап добуш берүүдө бурмалоолор боюнча сотко кайрылган эмес», — деп кошумчалап өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM