Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы «Билим булагы» комплексине барды.
Аталган жай «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду тарабынан демөөрчүлөрдүн эсебинен ата-энесиз балдар үчүн курулган. Бирок бюрократиялык себептерден улам аны мамлекеттин балансына өткөрүп берүү мүмкүн болгон эмес.
Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигине, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна «Билим булагы» комплексин мамлекеттин балансына өткөрүү маселесин карап чыгууну тапшырды.
«Биз инвесторлор үчүн ачык болуп, алар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Инвесторлор менен иштөөдө бюрократиялык тоскоолдуктарга, пара алууга жол берилбейт. Эгер ар бир мамлекеттик орган алар менен өз деңгээлиндеги диалогду ачык жүргүзсө, инвесторлор Кыргызстанга келет», — деди Садыр Жапаров.
Аталган комплекс бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалып, кесиптик билим берүү мекемеси катары колдонууга даяр экендиги маалым болду.