Биз менен байланышыңыз

Шайлоо боюнча мыйзамга кол коюлбаганы күмөн ойлорго жол ачууда

Саясат | 9 Ноя 2020 | 574 | 0

22-октябрда Жогорку Кеңеш эки конституциялык мыйзамды кабыл алган. Алардын бири «Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн токтото туруу жөнүндө» мыйзам долбоорун үч окуудан кабыл алып, кийинки жылдын биринчи жарым жылынан кечиктирилбей өтөрүн белгилеген. Аталган мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ошол эле күнү кол койгон. Бирок ошол эле күнү «Бир Бол» партиясы сунуштаган «Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору да 3 окууда парламенттин кароосунан өтүп, президентке жиберилген. Анда шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго, шайлоо босогосун 3%га төмөндөтүү жана «Форма-2ни» оптимизациялоо тууралуу чечимдер кабыл алынган. Ага карабай, мыйзамга бүгүнкү күнгө чейин кол коюла элек. Буга байланыштуу аталган партия кабатырлануусун билдирип чыкты.

Аталган мыйзам долбоору учурда Президенттин аппаратында каралып жаткандыгын маалыматтык саясат бөлүмүнүн сектор башчысы Айнура Эргешова билдирди.

«Конституциянын 81-беренесине ылайык, президент мыйзамды алган күндөн тартып, бир айдан кечиктирбестен кол коет, же аны Жогорку Кеңешке кайра кароого кайтарат. Аталган мыйзам 23-октябрда президенттин кол коюусу үчүн келип түшкөн, азыркы кезде мыйзам долбоору каралууда».

«Аталган мыйзамга президент кол койсо деле бир нерсе өзгөрүп кетүүсү күмөн. Анткени акыркы убактарда конституциялык реформага барып, бир мандаттуу парламент болушу керек деген сөздөр айтылууда. Эгер баш мыйзамды өзгөртүү ишке аша турган болсо, анда «Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол коюлган күндө деле эч кандай мааниге ээ болбой калат», — деп белгилейт юрист Таттыбүбү Эргешбаева.

«22-октябрда Жогорку Кеңеш эки конституциялык мыйзамды кабыл алды. Бири: «Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн токтото туруу жөнүндө», бири болсо: «Шайлоо босогосун 3%га, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго төмөндөтүү жана «Форма-2ни» оптимизациялоо жөнүндө» мыйзам. Мыйзам президенттин кароосуна жиберилгенден кийин 30 күндүн ичинде каралып же кол коюлушу керек же жокко чыгарылышы керек. Эми кол коюлса деле, конституциялык референдум болсо, ал жерде бир мандатуу болот дегендер айтылып жатат, аталган мыйзамга кол коюлганы оюн эле болуп калат».

Октябрь айынын башында болгон окуяларда элдин чыныгы талабы шайлоонун адилетсиз өткөнүнө нааразы болуп, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Каршы чыккан күчтөрдүн баары шайлоо мыйзамдарына өзгөрүүлөр кирүүсүн талап кылышкан. Бирок бүгүнкү күндө айрым саясий топтор «эл парламентаризмге каршы» деген түшүнүк жаратып жатышканын «Бир бол» партиясынын өкүлү Жоодар Сайдилканов билдирди.

«Бүгүнкү күнгө  чейин кол коюлбай жатканын биз да түшүнбөй жатабыз. Ошол эле учурда негизги маселе бул эмес, эл партиялык системага, парламентаризмге каршы деген түшүнүк жаралып жаткандай. Бүгүнкү күндө парламенттик башкаруу өзүнүн күчүн көргөзө албады деген өтө туура эмес түшүнүк. Биз парламентаризмге жеткен жокпуз, кагаз жүзүндө айтылбаганы менен иш жүзүндө президенттик башкаруу болду. 2010-жылы эл чыныгы парламенттик бийлик орносун деп чыккан. Бирок ошол кездеги Убактылуу Өкмөт жана башка саясий элита ошол талапты бурмалап, элге парламентаризм деп көргөзүп, бирок аны менен эч байланышы болбогон системаны таңуулап коюшкан. Ал системада эч ким жоопкерчилик албайт, же президентте, же өкмөттө, же парламентте жоопкерчилик жок. Мына ошонун жыйынтыктарынан улам, эл туура эмес системаны парламентаризм деп ойлоп, бизге мындай система керек эмес экен деген ойду айтып жатышат».

Сайдилкановдун айтымында, ошол эле учурда бүгүнкү күндө, интеллигенция сыртта калып, жалаң өзүнүн бизнес кызыкчылыгын колдогон, парламентке аттанган ар бир партиянын 80-90 %ы бизнесмендер болуп жатат. Муну жоюу максатында преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Анда шайлоочу партияга добуш берүү аркылуу партиянын ичиндеги талапкерлерге да добуш бериш керек. Башкача айтканда, акчасы жок жарандардын да парламентке келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондо чыныгы парламентаризм пайда болот. Азыр болсо шайлоочулар партияга гана добуш берет. Ал эми партиянын курамын партия лидери аныктайт.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандан кийин, 6-ноябрга чейин кайра шайлоо күнүн белгилей турганын айткан. 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеп, президенттик шайлоону 10-январда өткөрүү боюнча чечим кабыл алган.

Бирок 22-октябрда Жогорку Кеңеш «Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн токтото туруу жөнүндө» мыйзам долбоорун үч окуудан кабыл алып, кийинки жылдын биринчи жарым жылынан кечиктирилбей өтөрүн белгилеген. Ошол эле күнү аталган мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Бирок, ошол эле күнү кабыл алынган «Шайлоо босогосун 3%га, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго төмөндөтүү жана форма-2ни жоюу жөнүндө» Мыйзамга бүгүнкү күнгө чейин кол коюла элек.

Copyright © 2017 Maral FM