Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: «Семетей» госпиталы бейтаптарды кабыл алууга даяр

Кыска кабар | 8 Ноя 2020 | 349 | 0

Мурдагы  «Ганси» авиабазасындагы «Семетей» госпиталы оорулууларды кабыл алууга толугу менен даяр. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева аталаган госпиталга барып, «COVID-19» илдетине чалдыккандарды кабыл алууга даярдыгын текшерип чыккан. Натыйжада инфекцияны жуктуруп алган жарандарды госпиталь 20-ноябрдан тарта кабыл ала баштайт.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги №1160 блогун реанимациялык блокко кайрадан түзүп чыккан. Анда дубалдар  демонтаждалып, акталган, канализациялык тутум, электр өткөргүчтөрү монтаждалып, реанимациялык блоктордун кире беришине флакондор коюлган.

Мындан тышкары, кабыл алуу блогу даярдалып, кир жуучу жай жана лабораториялардын ишке киргизилиши жыйынтыкталып жатат. «Семетей» госпиталында 215 орун дарылоо блогунда, 35 орун реанимациялык блокто камсыздалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM