Биз менен байланышыңыз

Сабыр Иптар уулунун китеби боюнча конкурстун жыйынтыгы чыкты

Кыска кабар | 7 Ноя 2020 | 763 | 2

КРнын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, белгилүү этнопедагог, окумуштуу Сабыр Иптар уулунун “Кыргыз зжан дүйнөсү” китеби боюнча Республикалык китеп окуу конкурсу жыйынтыкталды. Сынак 2020-жылдын сентябрь айында башталып, онлайн түрүндө өткөрүлдү.

Конкурстун максаты мектеп окуучуларына, ЖОЖдордун студенттерине, мугалимдерине жалпы эле коомдун бардык катмарына китеп окуу маданиятын калыптангдырууга өнуктүрүүгө багытталган. Мындай иш-чара “Оку!” долбоорунун алкагында бир канча жылдан бери республикалык деңгээлде салттуу уюштурулуп келет. Бул жолку уюштурулган конкурста 2 миң катышуучу катталып, сынакка жалпы 1000ге чукул жаран катышты. Алардын ичинен эң жогорку упай алган 10 жеңүүчү аныкталды. Сынак онлайн тест түрүндө жүргүзүлүп, 40 мүнөт аралыгында 45 суроого жооп берүү каралган эле.

Жеңүүчүлөргө ноутбук, телефон, букридер, жана баалуу китептер сыяктуу сыйлыктар каралган.
Сыйлыктапшыруу аземине мамлекеттик мекемелердин БӨУ өкүлдөрү жана Сабыр Иптар уулунун кесиптештери, белгилүү окумуштуулар жана маданият өкүлдөрү катышмакчы.

Эскерте кетсек, конкурсту Кыргыз Билим берүү академиясы, “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фонду жана “Оку!” басма үйү биргелешип өткөрүүдө.

2 пикир

2 пикир

  1. Рыспаева Бактыгүл Самыйбековна

    09.11.2020 06:19

    «Жакшы адамдын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт»- деген улуу сөздүн чындыгын Сабыр Иптар уулунун Кыргыз жан дүйнөсү китеби боюнча конкурстун жыйынтыгы дагы бир жолу айкындады.
    Сабыр Иптар уулу адамдын жан дүйнөсүн китеп аркылуу ачып, адеп ахлаптыкка, этномаданиятка жаштарды тарбиялоого жан дили менен эмгектенип жүрүп өтүп кетти. Анын этнопедагогиканы калыптандыруу үчүн калтырган эмгектери мвндан ары дагы өркүндөй бермекчи.
    Тарыхый инсандарды эскерүү кунунө тушташ конкурсту ишке ашырып жаткан Кыргыз Билим берүү академиясы, “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фонду жана “Оку!” басма үйүнө рахмат айтмакчыбыз.
    Рыспаева Бактыгүл.

  2. Рыспаева Бактыгүл Самыйбековна

    09.11.2020 06:23

    Конкурстун катышуучуларын ийгиликтери менен куттуктайбыз.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM