Биз менен байланышыңыз

Бишкекте күмөндүү акциздик маркалар менен ичимдик саткандар аныкталды

Кыска кабар | 6 Ноя 2020 | 362 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө бир канча соода түйүндөрүндө күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны сатуу фактыларын аныкташты.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жалпысынан ар кандай идиштеги жана аталыштагы 1 миңден ашык бөтөлкө алкоголдук ичимдик тартып алынды.

Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM