Биз менен байланышыңыз

Бюджет боюнча парламенттик угуу өтөт

Кыска кабар | 6 Ноя 2020 | 309 | 0

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «Өлкөнүн 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө» парламенттик угуу өткөрөт.

Ага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Бюджетти талкуулоо боюнча парламенттик угуу 13-ноябрда саат 14-00дө башталат.

Финансы министри Кыялбек Мукашевдин маалыматы боюнча, 2020-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 137 млн 131 миң 400 сом суммасында болору болжолдонууда. Бул 2020-жылга карата биринчи ирет такталган бюджеттин кирешесине салыштырмалуу 1 млн 784 миң 600 сомго жогору.

Республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 9 млн 733 миң 700 сомго жогорулоо менен 172 млн 772 миң 800 сомду түздү. Бюджеттин тартыштыгы 7 млн 949 миң 100 сомго жогорулоо менен 35 млн 641 миң 400 сом суммасында болору күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM