Биз менен байланышыңыз

Бишкектин капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалды

Кыска кабар | 6 Ноя 2020 | 693 | 0

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси («О.С.») камалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кабарлады.

Ал жана мэриянын башка жооптуу кызматкерлери бала бакча салууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамды бузуу менен иш алып барып, дээрлик 70 млн сомго бала бакча салуу үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүшкөнү аныкталды. Бүгүн аталган жетекчинин баш коргоо чарасы аныкталат.

Copyright © 2017 Maral FM