Connect with us

«Бала муун ооруларына чалдыкпоосу үчүн бала бакчадан тарта кам көрүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Ноя 2020 | 408 | 0

Муун ооруларына жаштар да кабылып, илдеттин түрлөрү жана ага кабылган бейтаптардын саны өсүүдө. Анын себеби аныктала элек. Бул тууралуу ревмотолог Бурмачач Чолпонкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Бала муун оорулары менен жабыркап калбашы үчүн бала бакчадан тарта жакшы көңүл буруп, кам көрүү керек. Тилекке каршы, жаш балдардын муундары ооруп, жүрөгүнө өтүп кеткен учурлар кездешет. Биринчи жолу ангина болгондо эле жакшы дарылануу керек. Бизде ата-энелер балдарды өз убагында дарыгерге алып келишпейт. Бала: «Бутум ооруп жатат», — десе, «боюң өсөт» деп, көп маани беришпейт. Ата-эне балдарына жаш кезинен жакшы караса, алар муун ооруларына чалдыгышпайт», — дейт дарыгер.

Анын айтымында, эне ангина менен жабыркаса, илдет балдарына да жугат. Бирок тукум куубайт.

Илдеттин алдын алуу үчүн жаш кезинен туура тамактанып, спорт менен машыгуу зарыл. Сүт азыктарын, тоок, балык, уй эттерин, белокту кеңири колдонуу керек. Ал эми туздуу тамактар терс таасир этет.

«Муун оорулуулар дарыгерге текшерилбей туруп, өз алдынча дарылануусу туура эмес, курортко барбашы керек. Адам ревматизмге кабылганда ангина сакайбай коёт. Толугу менен дарыланбаса, илдет жүрүп-жүрүп жүрөккө өтөт. Ал жүрөк кемтигин пайда кылат. Ошондуктан ангинага маани берүү кажет», — деди Чолпонкулова.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM