Биз менен байланышыңыз

Ак үйдүн айланасындагы тосмолор алынды (видео, сүрөт)

Кыска кабар | 6 Ноя 2020 | 686 | 0

Бүгүн, 6-ноябрда Ак үйдүн имаратынын айланасындагы тосмолор алынды.

4-ноябрда депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланганда Ак үйдү айланта курчалган тосмону алып салууну сунуштаган.

«Бизди ал тосмо сактап калган жок. Сактабайт дагы. Кечээ күнү Садыр Жапаров менен сүйлөшкөндө, ал Ак үйдүн тосмосун алып салуу керектигин айтты. Мен ал пикирди колдойм. Ачык-айкын, элге жакын болуп иштесек, эч кандай толкундоолор болбойт», — деди Мамытов.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев алынган тосмолор кампага коюлуп, алар эмнеге пайдаланылары кийин чечилерин айтты.

«Тосмолор башка мамлекеттик структураларга колдонулганга чейин кампада сакталат. Ак үйдүн имаратынын айланасы мындан ары мэриянын карамагына карайт», — деди ал.

Жогорку Кеңештин административдик имаратын курчап турган темир тосмо туңгуч президент Аскар Акаевдин учурунда, 2000-жылдардын башында тургузулган.

Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында 5-6-октябрь күндөрү Ак үйдүн имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Анын төрагалыгына вице-спикер Мирлан Бакиров дайындалды.

Комиссиянын мүчөлүгүнө бардык министрликтердин, агенттиктердин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM