Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Дастан» ишканасында ири коррупция аныкталды

Кыска кабар | 6 Ноя 2020 | 1083 | 0

«Дастан» ишканасынын кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды кымырып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, «ТНК Дастан» ААКнын жана «Улан» ААКнын туунду ишканасынын кызмат адамдары чет мамлекеттерден атайын техникаларды сатып алуу боюнча жасалма келишим түзүү менен бюджеттик каражаттарды ээлеп алышкан.

2020-жылдын май айында «Дастан» ишканасы чет өлкө менен 3 млн долларга келишим түзгөн. Анын 695 миң доллары ушул корпорациянын жетекчилиги тарабынан «Улан» ААКнын туунду компаниясына тейлөө көрсөтүү шылтоосу менен жең ичинен желип кеткен.

Мындан тышкары «Улан» ишканасы атайын жабдууларды алып келүү үчүн жоопкерчилиги чектелген коомдордун бири менен 54 млн сом суммасындагы жасалма келишим түзгөн. Келишимде көрсөтүлгөн акча «Улан» ААКнын директору Ж.Р.Ж. аттуу жарандын чөнтөгүнө түшкөн.

Бул фактылардын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 205-беренесинин 1-бөлүгү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же уурдоо) менен катталды.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында «Улан» ААКнын директору Ж.Р.Ж. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM