Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Аскар Мамин Садыр Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан элине туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
Өкмөт башчылар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын, мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышын талкуулашты.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Садыр Жапаров Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн, жакшы коңшулаш мамиленин чыңдалышына ишенимин билдирди.