Депутат Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» аттуу китеби түрк тилине которулду. Бул тууралуу анын санаалаштары билдирди.
«Кыргыздар» китеби «ТҮРКСОЙ» уюму тарабынан 10 000 нускада чыгарылган. Буга чейин бул китеп 5 тилде жарык көргөн болчу.
Китептин бет ачары бүгүн, 5-ноябрда Исхак Раззаковдун үй музейинде өттү.