Биз менен байланышыңыз

Камчы Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулду

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 571 | 0

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 2-ноябрь күнү ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда ага карата Жазык кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу) боюнча ачылган кылмыш иши тергелүүдө.

УКМК Көлбаевдин жакында кое берилери тууралуу айтылгандар чындыкка дал келбей турганын билдирет.

«Жакында эле Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, бийлик уюшкан кылмыштуу топ менен сүйлөшүп алып, жакында Камчы Асанбекти кое беришет деп билдирген. Ага байланыштуу Дүйшөбаевдин «ыкчам маалыматтары» туура болуп чыккан жок», — деп билдирет УКМК.

3-ноябрда Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды кароону токтоткон. Себеби адвокаттар апелляциялык арызды артка кайтарып алышкан. Көлбаев өзү сот жараянына алынып келинген эмес.

Камчы Көлбаев 22-октябрда Бишкек шаарында кылмыштуу уюм түзгөн же ага катышкан деген шек менен кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, бирок бөгөт чарасынын мөөнөтү аныкталган эмес.

Көлбаевдин адвокаттары райондук соттун бул чечимине каршы арызданып, шаардык сотко кайрылышкан эле.

Камчы Көлбаев Кыргызстанда «мыйзамдагы ууру» атыгып, уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары таанылган. Ал киши өлтүрүү, курал-жарак сатуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү кылмыштарына катышкан деп айыпталып, 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.

Анын жети жылын өтөгөн соң, мунапыстын негизинде жаза мөөнөтү кыскартылып, 2008-жылы мөөнөтүнөн мурда бошоп чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM