Биз менен байланышыңыз

Медкызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө 7 млрд сом керек

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 495 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медициналык кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү маселеси каралып жатканын айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сунуш өкмөттөн колдоо тапса, дарыгерлердин маянасынын базалык бөлүгү 40, 50, 80 пайызга чейин көтөрүлөт. Ал үчүн бюджеттен 7 миллиард сом бөлүү керек.

Бейшеналиев ушул убакытка чейин мамлекет фармкомпанияларга 1,2 миллиард сом карыз болгонун да айтты. Министр азыркы кезде бул карыздын 238 миллион сому гана калганын, алдыда 10 күн ичинде төлөнөрүн кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM