Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаровдун эжесин Польшадан экстрадициялоо боюнча жооп күтүлүүдө

Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 594 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча Польшадан жооп күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Башкы прокурор Курманкул Зулушев басма сөз жыйынында айтты.

Анын маалыматы боюнча, Райкүл Жапарова 2020-жылдын 22-майында Польшанын аймагында кармалган. Аны өлкөгө алып келүү боюнча ушул жылдын июнь айында өтүнүч жиберилген.

ИИМ Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын ушул жылдын 11-февралында маалымдаган.

Райкүл Жапаровага «Ысык-Көл» инвестициялык банкын рейдерлик жол менен басып алган деген күнөө коюлган. Польшада кармалган Жапарованын бошотулганы жөнүндө да маалыматтар тараган.

Райкүл Жапарова Кылмыш жаза кодексинин 221-беренесинин 2-бөлүмү (акча адалдоо) , 183-берененин 3-бөлүмү (алдамчылык), 166-берененин 4-бөлүмү (коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Мүлкү конфискацияланган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2014-жылдын 22-октябрындагы чечими менен Жапаровага карата тандалган «үй камагында кармоо» бөгөт чарасы «камакка алууга» өзгөртүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM