Connect with us

Талант Мамытов Ак үйдүн тосмосун алып салууну сунуштады

Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 1209 | 0

Жогорку Кеңештин төрагалыгына жаңы шайланган Талант Мамытов жыйында сөз сүйлөп жатып, Ак үйдүн имаратын оңдоо иштерин бүгүн баштай турганын айтты.

Ал ошондой эле бийлик эл менен тыгыз иштешүүсү үчүн парламенттин имаратынын айланасындагы тосмону алып салууну сунуштады.

«Бизди ал тосмо сактап калган жок. Сактабайт дагы. Кечээ күнү Садыр Жапаров менен сүйлөшкөндө, ал Ак үйдүн тосмосун алып салуу керектигин айтты. Мен ал пикирди колдойм. Ачык-айкын, элге жакын болуп иштесек, эч кандай толкундоолор болбойт», — деди Мамытов.

Мындан тышкары, учурда эл өкүлдөрү мыйзам долбоорлорун кабыл алууда кыйынчылыктарга туш болгонун айтып, алардын иштешине тез арада шарт түзүлүшү керектигин өтүндү.

Жогорку Кеңеш төрагалыкка Талант Мамытовду бекитти

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM