Биз менен байланышыңыз

Акылбек Сариев Боршайкомдун мүчөсү болду

Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 518 | 0

Жогорку Кеңеш 4-ноябрдагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлигин жактырды. Добуш берүүдө ага 64 депутат макул, 30 депутат каршы добуш берди.

Талкуу маалында айрым эл өкүлдөрү Сариевдин дарегине сын айтышты. Депутат Улукбек Ормонов 2010-жылы Акылбек Сариев Боршайкомдун төрагасы болуп турганда, ошол кездеги парламенттик шайлоодо одоно мыйзам бузулганын билдирди.

«2010-жылы парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын 100 миңдеген добушу бурмаланып, жокко чыгарылган. Добуш берүүнүн аягында партия лидери Адахан Мадумаровду куттуктап, эртеси күнү өтпөй калганын жарыялагансыңар. Айрыкча, Россиядагы мигранттардын добушу жоголгон. Урматтуу депутаттар, талапкерди шайлоодо бул окуяларды да эске алып коюңуздар», — деди Ормонов.

Ал эми Акылбек Сариев ал кездеги шайлоо мыйзам чегинде өткөнүн, бул айтылгандар чындыкка дал келбей турганын, келтирилген фактыларды иликтеп, жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Акылбек Сариев 16-октябрда кызматтан кеткен Атыр Абдрахматованын ордуна барат. Ал 2010-жылы БШКнын төрагасы болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM