Биз менен байланышыңыз

Парламенттин төрагасы тандалууда

Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 333 | 0

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында төрагалыкка Талант Мамытовдун, Борбордук шайлоо комиссиясынын  мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлигин көпчүлүк коалиция колдоп, учурда жалпы добуш берүү жүрүүдө.

Жыйында сөз сүйлөгөн Талант Мамытов бул кызматка дайындалуу чоң жоопкерчилик экенин, эгер дайындалса, мамлекеттин келечеги үчүн таза иштеп берүүгө даяр экенин билдирди.

Депутат Кожобек Рыспаев, Талант Мамытовдон Ак үй имаратын калыбына келтирүүнү тездетүүнү талап кылды. Ал эми эл өкүлү Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин имаратын бийликчил делген «Биримдик», » Мекеним Кыргызстан «, » Кыргызстан » партиялары өз чөнтөгүнөн оңдошу керектигин айтты.

Рысалиев 5-октябрдагы окуялардын болушуна бул партиялардын мүчөлөрүнүн салымы чоң экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM