Биз менен байланышыңыз

АКШ: Үч штатта жакын арада шайлоонун жыйынтыктары жарыяланбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 222 | 0

АКШнын үч штатында жакын арада добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыяланбайт. Алар: Мичиган, Пенсильвания жана Висконсин.

Бул үч штатта алдын ала почта аркылуу жөнөтүлгөн добуштарды эсептөөгө мүмкүн болгон эмес.

Күтүлгөндөй эле, Мичиган жума күнүнөн эрте жыйынтык чыгарууну көздөбөйт. Пенсильвания штатында да ушундай эле көрүнүш.

Бул штаттар биринчи кезекте 3-ноябрь, шайлоо күнү берилген добуштарды эсептеп чыгышат. Андан соң гана почта аркылуу жиберилген добуштар эсептелет. Пенсильванияда добуштардын 51 %ы,  Мичиганда 48 %ы. Висконсинде 67 %ы эсептелген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM