Биз менен байланышыңыз

Трамп Флорида жана Техаста, Байден Аризонада алдыда

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 296 | 0

АКШда шайлоо участкалары акырындык менен жабылып, штаттарда добуштарды саноо жүрүп жатат.

Америкалык ЖМКлардын маалыматына караганда, азыркы президент Дональд Трамп жалпы шайлоочулар коллегиясынын 170 мүчөсүнүн добушуна ээ болуп, штаттарда алдыда.

Демократтардын талапкери Жо Байден штаттарда шайлоочулар коллегиясынын 39 мүчөсүнүн добушуна ээ.

АКШ боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп эсептелет.

Бирок көпчүлүк штаттарда добуштардын жарымынан азы эсептелген, кээ бирлеринде жарыш өтө курч мүнөздө өтүп, лидерди бир нече жолу алмаштырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM