«Укук коргоо органдары – заказ аткаргыч органга айланды». Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун эли менен болгон жолугушууда айтты.
Ал сот жана укук коргоо системасын реформалоо керектигин, бирок жаңыланууну кабыл алгысы келбегендер конституциялык реформа жүргүзүүгө каршы чыгып жатканын билдирди.
«Конституциялык реформаларга тоскоолдук кылып, өздөрү каалагандай өткөрүп алалы деген күчтөр бар. Ошондуктан чагымчылдыкка алдырбоого чакырам», — деди Садыр Жапаров.
Ал сот системасында сабатсыз, күн карама адамдар иштегендиктен, анын кесепети карапайым калкка оор тийип жатканын кошумчалап, коррупцияга каршы реалдуу стратегиялык кадамдар жасаларын да айтты.
«Коррупцияны эл жасабайт. Аны эл кызматындагы адамдар жасайт. Ошондуктан мыйзамдуулук жана туруктуулук керек. Мыйзамдуулук орносо миллиарддаган инвестиция келет, миңдеген жумуш орундары пайда болот, элдин кирешеси көбөйөт, контрабанда токтойт, акыйкаттык орнойт. Ошондой эле мамлекетибиз өнүгөт», — деди президенттин милдетин аткаруучу.
Садыр Жапаров 2-4-ноябрь күндөрү Баткен, Ош, Жалал-Абад облусун кыдырып, эл менен жолугушту.