«Тазалык» муниципалдык ишканасы кышында жолдорду кар, муздан тазалоо үчүн техникалык туздун запасын толуктап жатат.
Мэриянын сайтындагы маалыматка ылайык, ишкананын кампаларында буга чейин 4 миң 340 тонна туз даярдалган, анын 433 тоннасы өткөн кыш мезгилинен калган.
Жалпысынан 6 миң 500 тонна туз сатып алуу пландалууда. 26 атайын техника шаардын карын тазалап турат.