Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Венадагы кол салуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 438 | 0

Австриянын Вена шаарындагы кол салуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

2-ноябрда Венанын бир топ аймагында кол салуу болгон. Анда төрт адам каза таап, 22 адам жаракат алган.

Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин маалыматы боюнча, жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

«Кооптуу болуп жаткандыктан Вена шаарындагы кыргызстандыктарга мүмкүн болсо, эл чогулган жерлерден алыс болууну, коомдук унааларды колдонбой турууну сунуштайбыз», — деп билдирет министрлик.

Суроо жаралган учурда Вена шаарындагы элчиликтин +43 676 626 94 93 номерине чалып, маалымат алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM