Биз менен байланышыңыз

АКШ: Трамп менен Байден бирдей келе жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 526 | 0

АКШда президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялана баштады. Маалым болгондой, республикачылардын талапкери, учурдагы өлкө президенти Дональд Трамп менен демократтардын талапкери, Жо Байден бирдей келе жатат.

«Fox Newsтун» божомолдоруна караганда, Жо Байден Колорадо штатындагы президенттик шайлоодо алдыда келе жатат, ага жергиликтүү шайлоочулардын 61,9 пайызы артыкчылык беришкен.

Штаттын 36 пайызы Трампка добуш беришкен.

АКШнын борбору Вашингтондо Байдендин жеңишке жеткени айтылууда.

Трамп Кентикку, Оклахома, Теннеси, Алабама, Миссисипи, Батыш Виргиния штаттарында алдыга чыгууда.

«Reuters» агенттигинин маалыматына ылайык, Жо Байден учурда көптөгөн штаттарда лидер болууда. Түндүк Каролинада шайлоочулардын 51%ы Байденге,  47,9%ы Трампка добуш беришкен (бюллетендердин 78% эсептелген).

Огайодо 59% бюллетендер эсептелип, Байден — 52,3% добуш, Трамп — 46,5% алды.

Бюллетендердин 57%ы саналган Техаста Байден Трамптан бир аз алдыда — техастыктардын 49,5%ы демократтын талапкерине, 49,2%ы республикачылардын талапкерине добуш берди.

Copyright © 2017 Maral FM