Биз менен байланышыңыз

Гүлжигит Алыкулов ойногон команда Казакстандын чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 3 Ноя 2020 | 590 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов ойногон Алматынын «Кайрат» командасы Казакстандын чемпиону болду.

3-ноябрда 17-турдун алкагындагы оюнда алматылык «Кайрат» клубу «Окжетпес» менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Эсепти оюндун 36-мүнөтүндө Вагнер Лав ачты. Ошол учурда «Кайрат» командасы пенальти алып, анда Нуралы Алип гол киргизди. Беттештин 77-мүнөтүндө Жоао Пауло гол киргизди.

Кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов беттеш 2: 0 эсебине жеткенде футбол талаасына чыккан.

Бул жеңиштин аркасында «Кайрат» клубу 44 упай топтоп, «Астана» командасынан 17 упай алдыга чыкты. Калган беттештердин жыйынтыгына карабастан, «Кайрат» 2020-жылы мөөнөтүнөн мурда Казакстандын чемпиону болду.

Аталган команда 16 жылдан бери чемпион боло элек болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM