Бишкекте жеринин жана унаасынын ижара акы кечиктиргендердин карызы 380 миллион сомго жетти. Бул тууралуу вице-мэр Азиз Алымкулов мэриянын жыйынында кабарлады.
Анын айтымында, 3-ноябрда муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия өткөрүлүп, милдеттенмелерди аткарбагандар (ижара акысын төлөбөгөндөр, жер участокторун башка багытта пайдалангандар ж.б.) менен келишимдер бир тараптуу бузулат.
«Ошондой эле, көп кабаттуу үйлөрдү курууда ишкерлер шаарга белгиленген бир турак жай аянтын кайтарып берүүгө тийиш. Биз аны кыйын шартта жашаган шаардыктарга бөлүштүрүп беребиз. Ал үчүн 3500 тургун кезекте турат», — деп айтылат маалыматта.
Инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча 35 жер участогу аныкталды, анын 10% аянты шаарга өткөрүлүп берилиши керек.
2-ноябрга карата шаардын менчигине 7747, 84 чарчы метр турак жай аянтын өткөрүп берүү боюнча 4 келишим түзүлдү.