Биз менен байланышыңыз

Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок

Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 699 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды кароону токтотту. Маалыматка караганда, адвокаттар апелляциялык арызды артка кайтарып алышты.

Көлбаев өзү да сот жараянына алынып келинген жок. Ал УКМКнын тергөө абагында.

Камчы Көлбаев 22-октябрда Бишкек шаарында кылмыштуу уюм түзгөн же ага катышкан деген шек менен кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, бирок бөгөт чарасынын мөөнөтү аныкталган эмес.

Көлбаевдин адвокаттары райондук соттун бул чечимине каршы арызданып, шаардык сотко кайрылышкан эле.

Камчы Көлбаев Кыргызстанда «мыйзамдагы ууру» атыгып, уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары таанылган. Ал киши өлтүрүү, курал-жарак сатуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү кылмыштарына катышкан деп айыпталып, 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.

Анын жети жылын өтөгөн соң, мунапыстын негизинде жаза мөөнөтү кыскартылып, 2008-жылы мөөнөтүнөн мурда бошоп чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM