Биз менен байланышыңыз

Таластык ишкер Беларусь өкмөтүнүн «Эрдик» медалы менен сыйланды

Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 681 | 0

Беларусь өкмөтү кыргызстандык ишкер Рамис Рыскуловду «Эрдик» медалы менен сыйлады. Бул тууралуу JIA  Бизнес ассоциациясынын Таластагы өкүлчүлүгү жазды.

Маалыматка ылайык, ишкер 3 ай мурун беларусь айдоочусун автокырсыктан куткарып калууда көргөзгөн эрдиги үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Туура 3 ай мурун Рамис Рыскулов Талас облусунун Өтмөк ашуусунан өтүп бара жатып катуу кырсыкка учураган оор жүк ташуучу унаага күбө болгон. Ал өз өмүрүн тобокелге салып, күйүп жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусун куткарып, унаадан бир канча докуметтерди алып чыккан. Белгилей кетсек кырсыка учураган жүк ташуучу унаанын айдоочусу Беларуссиянын жараны болгон.

Сыйлыкты тапшыруу Бишкектеги Беларусь элчилигинде болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM