Биз менен байланышыңыз

Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы алмашты

Нурбек Козубеков «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын төрагасы болуп дайындалды. Аны бүгүн эмгек жамаатына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев тааныштырды.

Улуттук энергетикалык холдингдин буга чейинки төрагасы Айтмамат Назаров башка кызматка которулуп жатканына байланыштуу кызматтан бошотуусун суранып арыз жазганын «Facebook» баракчасы аркылуу билдирди.

Айтмамат Назаров «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясына жетекчи болуп былтыр 23-майда дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM