Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКга өткөрүлөт

Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 622 | 0

Чек ара маселелерин чечүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жүктөлөт. Бул тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапары алкагында жергиликтүү эл менен жолугушуда билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКга өткөрүү боюнча маселе каралып жатат.

«Чек ара маселелери сөзсүз чечилиши керек. Бул боюнча бардык маалыматтарды алдым. Аны чечүүгө болгон күч-аракетимди жумшайм. Учурдан пайдаланып, губернаторго тапшырма: чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программада белгиленген социалдык объекттер сөзсүз бүткөрүлсүн», — деп белгиледи Жапаров.

Ошондой эле чек арага чектеш жайгашкан Баткен облусун өнүктүрүү боюнча максаттары тууралуу айтып берди.

«Баткендин күрүчү, өрүгү – дүйнөлүк брендге айланышы керек. Ал үчүн айыл чарбасына кластердик системаны киргизип, кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга жардам беребиз. Баткен облусу сөзсүз гүлдөгөн аймакка айланышы керек. Айгүл гүлү менен өрүкзарды көрүү үчүн төгөрөктүн төрт бурчунан адамдар келиши керек. Бул үчүн инфраструктураны жакшыртып, туристтерди тейлөөнүн сапатын жогорулатабыз», — деди Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр облустун социалдык-экономикалык мындан ары өнүгүшүнө, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу суроолорго да жооп берди.

Copyright © 2017 Maral FM