Биз менен байланышыңыз

Жапаров Баткендин эли менен жолугушту (сүрөт)

Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 402 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында жергиликтүү эл менен жолугушту. Жапаров анда коомдук саясий абал боюнча айтып, өлкө аймактарына жасаган негизги иш сапары Баткен облусунан башталганынын себебин түшүндүрдү.

«Негизги иш сапарымды Баткен жергесинен баштаганымдын эки чоң себеби бар: биринчиден, Баткен элинин чек арадагы эрдиги үчүн; экинчиден, кыргыз элинин сыймыктуу уулу Исхак Раззаковго таазим этүү үчүн келдим. Анткени менин азыркы тагдырым, максатым, иштөө принцибим да Исхак Раззаковдун идеялары менен үндөш. Ал согуштан кийинки ураган башкаруу системасын оңдоону, өлкөнүн экономикасын калыбына келтирип, аны көтөрүүнү колго алган. Менин да тагдырыма өлкөнүн бүгүнкү акыбалы туш келди, тагыраак айтсам, пандемиядан кийинки каржалган бюджет, мамлекеттик башкаруу системасындагы ашыкча бюрократия менен коррупция, башка өлкөлөрдүн бизге туура келбеген «бардак» идеялары, парламенттик, партиялык системадагы башаламандык орун алып турган мезгилге туш келдим. Жалпы элдин жардамы менен жогоруда айтылган көрүнүштөргө каршы күрөшөйүн деп жатам. Мага силердин колдооңор керек», — деди Садыр Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM